Биз менен байланышыңыз

Лавров: Кыргызстандагы саясий кырдаал мыйзамдуу нукка түшө баштады

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 690 | 0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Кыргызстандагы саясий кырдаал мыйзам нугуна түшө баштады. Бул тууралуу ал кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаев менен биргеликте берген маалымат жыйынында айтты.

Сергей Лавров: «Биздин азыркы алган маалыматыбыз боюнча Кыргызстанда саясий абал турукташып, өлкө мыйзамдуу нукка түшө баштады. Өлкөдөгү парламенттик жана президенттик шайлоо, референдум качан болору тууралуу так даталарды бизге кыргызстандык кесиптешибиз так айтты», -деп билдирген Лавров.

Ошондой эле Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөш деңгээлинде экенин, мындан аркы мамилелер да мурункудай улана берерин белгилеген. Мындан сырткары Орусия Евразиялык фонддон Кыргызстанга бөлүнө турган 100 млн доллар насыя да бериле турганын айткан. Бирок аны ишке ашырууда айрым тактай турган жагдайлар бар экенин, аны кыргыз тарап жакшы билерин эске салып өткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM