Биз менен байланышыңыз

Парламенттин акыркы аракетине сындар арбыды

Саясат | 23 Окт 2020 | 496 | 0

Жогорку Кеңештин депутататтары президенттик жана парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда карап кабыл алган. Ошол эле күнү кечинде Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койду. Ага ылайык конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу чечими кабыл алынган. Бул кадамды айрым саясат талдоочулар баш мыйзамды одоно бузуу деп сыпаттаса, демилгечилер буга мыйзам жол берерин айтышууда.

Кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонуу убактылуу токтотулат. Тагыраагы, конституцияны реформалоо жараяны аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу маселеси каралган. Айрым юристтер, саясат талдоочулар муну мыйзам нугунан чыгып кетүү деп айтышса, демилгечилер бул мыйзам долбоорунда Конституциянын бир да нормасы бузулбаганын айтышты. Ал эми юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан күндөн тартып 60 күн ичинде шайлоо өтүшү керектигин эске салып, бирок, Жогорку Кеңеш бул берененин милдетин токтото турууга укуга бар экенин белгиледи.

«38-63-беренелер боюнча Жогорку Кеңешке кайрадан шайлоо кайсы убакытта өтөрү көрсөтүлгөн. Бир ай ичинде шайлоо күнүн бекитет деген эрежеге ылайык БШК датаны аныктады. 2011-жылы Жогорку Кеңеш КРдин президентин, парламентин шайлоо жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Аталган эки беренени Жогорку Кеңештин акысы бар».

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат. Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул аракет баш мыйзамдын талаптарын одоно бузуп жатканын айтып, Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга укугу жок экенин белгиледи.

«КРдин президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнундөгу мыйзам – Конституциялык мыйзам. Ал үч окуу менен өтүшү керек. Шайлоо жарыялангандан кийин шайлоо жөнүндөгу мыйзамдарга өзгөртүүгө тыюу салынат. Булар өзүм билемдикке салып иш кылып жатат. Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Конституцияга өзгөртүү-түзөтүүлөрду киргизе албайт жана референдум да жарыялай албайт. Бул Конституциянын катуу талабы. Бул биринчи, экинчиден азыркы парламент менен өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу мүмкүн эмес. Себеби, булардын ыйгарым укуктары 28-октябрда аяктайт».

Ал президенттин милдетин аткаруучу адам баш мыйзамды өзгөртүүгө укукгу жок деп кошумчалады. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова бул кадамга барууга эл өкүлдөрүнүн укугу жок экенин, ал элдин талкуусуна коюлушу керектигин айтат. Себеби жогоруда аталган мыйзам долбоор бардык процедурадан бир күндун ичинде өткөрүлдү.

«Жогорку Кеңештин шайлоону жылдырууга укугу жок. Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзам – Конституциялык мыйзам болгондуктан аны токтотуп туруу туура эмес».

Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, аны иштеп чыгууга 4-октябрдан кийин түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал себеп болду. Негиздемеде азыр Боршайкомдун иши токтоп турганы, Жогорку Кеңештин ишин калыбына келтирип, имаратын оңдоо зарыл экендиги эске алынды. Мамлекеттик бюджеттеги тартыштык 36 миллиард сомдон ашып турганы жана коронавирустун экинчи толкунуна даярдык үчүн чыгымдар бар экени да себеп катары көрсөтүлгөн. Кырдаалды жөнгө салганча шайлоолорду токтото туруп, конституциялык реформа жүргүзүү зарыл экени белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM