Биз менен байланышыңыз

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 598 | 0

Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Жогорку Кеңеш 21-октябрда Айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырган. Аны Жогорку Кеңешке биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырган.

Тилек Токтогазиев жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон.

21-октябрда Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эркинбек Чодуев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулган.

Эркинбек Чодуев аталган кызматка 2019- жылдын июнь айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM