Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Жогорку Кеңеш 21-октябрда Айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырган. Аны Жогорку Кеңешке биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырган.
Тилек Токтогазиев жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон.
21-октябрда Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эркинбек Чодуев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулган.
Эркинбек Чодуев аталган кызматка 2019- жылдын июнь айында дайындалган.