Биз менен байланышыңыз

УКМК: Камчы Көлбаев кармалды

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 1980 | 0

Бүгүн Бишкектеги спорт клубдарынын биринде кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин кармалганы маалым болду. Бул маалыматты УКМК ырастаган.

Бирок УКМК азырынча Көлбаевдин кайсы кылмыш иши боюнча кармалганын ачыктаган жок. «Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп кошумчалаган УКМКнын маалымат кызматы.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев Кыргызстанда «мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун ана башы катары таанылган. Киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы эрте бошоп чыккан. Аны АКШ 2011-жылы эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизген.

 

Copyright © 2017 Maral FM