Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 1080 | 0

22-октябрь эртең мененки саат 8:00гө карата Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен катталгандарды кабыл алуу үчүн 376 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

— Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы — 5 орун;

— Улуттук фтизиатрия борборунда — 10;

— Улуттук хирургия борборунда — 7;

— Улуттук госпиталь — 28;

— Улуттук кардиология жана терапия борбору — 31;

— №1 шаардык клиникалык оорукана — 6;

— Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 246;

— Темир жол ооруканасы — 1;

— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;

— Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;

— №2 клиникалык төрөт үйү — 16.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 54 миң 6га жетти. Анын ичинен 1122 жаран көз жумган, 46 миң 726 адам айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM