22-октябрь эртең мененки саат 8:00гө карата Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен катталгандарды кабыл алуу үчүн 376 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
— Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы — 5 орун;
— Улуттук фтизиатрия борборунда — 10;
— Улуттук хирургия борборунда — 7;
— Улуттук госпиталь — 28;
— Улуттук кардиология жана терапия борбору — 31;
— №1 шаардык клиникалык оорукана — 6;
— Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 246;
— Темир жол ооруканасы — 1;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
— Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;
— №2 клиникалык төрөт үйү — 16.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 54 миң 6га жетти. Анын ичинен 1122 жаран көз жумган, 46 миң 726 адам айыкты.