Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Антикоррупциялык кызматтын түзүлүшү баш мыйзамга каршы келет

Саясат | 21 Окт 2020 | 488 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кайрадан иштеп баштады. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, аталган кызматтын жетекчиси болуп Бекбосун Апсатаров дайындалды. Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон. Ал эми Садыр Жапаров экс-президенттин бул жарлыгын жокко чыгарды. 

УКМКнын маалымат кызматынын башчысы Рахат Сулаймановдун билдирүүсүнө таянып айтсак, аталган орган коррупцияга каршы күрөшүү иштерин мурдагыдай режимде аткара берет.

— Антикоррупциялык кызмат коррупциялык иштер менен алектенген тараптарга каршы иштерин улантып баштады. Бул түзүмдүн ишмердиги менен казынага 80 миллион сом өндүрүлдү. Алдыда дагы коррупциялык фактыларга кириптер болгондорго каршы жигердүү ишин жүргүзүп, уурдалган каражаттарды бюджетке кайтаруу аракеттерин көрө берет.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында жойгон Антикоррупциялык орган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөн. Айрым юристтер, саясат талдоочулар бул органдын түзүлүүсү Конституциянын негизине каршы келерин айтып, сынга алып келишет.

Маселен, саясат талдоочу Айданбек Акматов бул орган тескерисинче коррупциялык аракеттерди күчөтүүгө жол ачат, мындай иштерди көзөмөлдөө салык, каржы полициясы сыяктуу органдарга жүктөлгөнү туура болмок деп эсептейт. Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөшө турган органдын УКМКнын алдында түзүлгөнүнө да каршы пикирде.

— Бул органдын түзүлүшү Башмыйзамга каршы келет. Анткени Башмыйзам боюнча Президент өзү өкмөттө жаңы органды түзгөнгө укугу жок. Ага карабай мурдагы президент А.Атамбаев бул органды түзүп, өзүнүн оппонеттерине каршы күрөш катары көп колдонду. 

Дагы бир айта кетчү жагдай, антикоррупциялык кызматтын УКМКнын алдында түзүлгөнү да туура эмес. УКМК — өлкөнүн коопсуздугун карай турган орган. Антикоррупция кызматы аймактардан акча өндүрүү функциясын аткарып калганын иликтөөчү журналисттер да айтып жүрүшөт. Андай милдетти салык кызматы, каржы полициясы сыяктуу кызматтар жүргүзүшү керек.

Ал эми коомдук ишмер Руслан Акматбек бул орган айрым тараптарга киреше алып келүү максатында түзүлгөнүн жана буга чейинки ири коррупциялык иштерге көз жуумп, саясий кызыкчылыктар үчүн иштеп келгенин белгилейт.

— Бул органдын бизге кереги жок. Булар бажыдагы коррупция фактыларына эч кандай реакция кылбай келишти. Мындан башка да фактыларга көз жуумп келишкен. Булар — бийликтин буйругун аткарып, киреше булак катары колдонулуп келген түзүм.

Белгилей кетсек, «жоюлуп кетип, кайра түзүлгөн» антикоррупциялык орган кечээ эле казынага 80 миллион сом өндүргөнүн жар салышты.

Дастанбек Каримов, Марал радиосу

Copyright © 2017 Maral FM