Биз менен байланышыңыз

Табылды Актанов: Япон-кыргыз маданиятын чагылдырган роман жазып жатам

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, манасчы, төкмө акын, драматург, обончу, режиссёр, актер, жазуучу, айтор көп кырдуу талант ээси Табылды Актанов менен «Марал» радиосунда маектештик.

— Табылды  агай, сөздү акыркы жаңылыктарыңыздан баштасак. Учурда эмне менен алексиз? 

— Жаш кезде «Дзюдо» деген 2 сериялуу япон киносун көрүп калдык. Мурда деле бул мамлекетти үстүртөн билчүмүн. Кийин аябай кызыга баштадым. Тарыхын, салт-санаасын билгим келди. Япон элинин улуу жазуучуларынын кыргызча которулган китептерин көп окудум. Жан дүйнөмө эмнегедир жакын. Мындан улам ушул багытта роман жазып баштадым. Анын да себеби  бар. Түпкү мазмуну комуз туурасында болот. Музыканын жаралуусу, түпкү тамыры, ансыз жашоо жок экендиги баяндалат. Бул романда жарымы көркөмдөлүп, калган бөлүгүндө чындык баяндалат. Өзүмө да тиешелүү. Көз менен көргөн окуяны жаратуу, сүрөттөө — бир чети жооптуу. Анткени калп айта албайсың. Кыскасын айтканда, башкы каармандар Юрико менен Табериктин махабаты асмандан бүтөт. Махабат да, элдик өнөр, мурас да, эки элдин маданияты да — баары камтылган.

— Бардык эле адам: «Өмүр жолуңуздагы бактылуу учуруңуз кайсы?» — деген суроого, «Балалыгым», — деп жооп беришет. Дегеним, сиздин балалык кандай өттү?

— Нарынга 25 чакырым жетпей Миң Булак деген айыл бар. Мурда Куйбышев атындагы колхоз деп койчу. Балалык чагым көбүнесе ошол айылда өттү.

— Өмүрдөгү унутулгус эң чоң кубанычыңыз?..

— Унутулгус кубанычым — 16 жашка толо электе Москвадагы Бүткүл союздук жаштар фестивалынын лауреаты аталып, медаль тагынып келгеним. Ал кезде элдин көбү Москваны мындай кой, Нарынды толук көрүшкөн эмес. Өспүрүм баланын ийгилиги үчүн айылым бүт сүйүнүп, Айдан космонавт келгендей эле тосуп алышкан. Жээгинде жүзүмдүн сүрөтү бар табак ала келип, апамды аябай кубанттым эле. Андан кийин деле толтура жакшылыктар, жетишкендиктер болду. Бирок ошол кездегидей кубанган эмесмин. Бул жетишкендиктердин аркасында ошончо түйшүк бар. Атак-даңк, элдин жашоосу — бул: баары карыз да. «Мындан да жакшы иштесин», — деп үмүт кылышат. Менин жашоодогу максатым — эл үмүтүн актап жашоо. Бийлик тараптан берген кагаз, медаль мени көп кызыктырбайт. Жыл жаңырган сайын элимди дагы жакшы нерселер менен кубантсам экен деп жашап келатам.

— Чыгармачылыгыңыздын, мүнөзүңүздүн калыптанышына кимдин таасири көбүрөөк?

— Атамдан эрте айрылгам. Ал өзгөчө таланттуу инсан болчу (атасы Актан Тыныбеков атактуу манасчы, ырчы, күүчү, санжырачы болгонред.) Калтырып кеткен чыгармаларын окуп чоңойдук. Атамдын теңтуштарынан жакшы сөздөрдү уктум. Кичинемден баштап, апам жакшы тарбия берди. «Атаңдын өнөрүн таштаба, токтотуп койбо, улант. Сен киши болмоюнча өлбөйм, балам, силердин тагдырыңарга Жараткан өнөрдү жазган, андан башка эч нерсе келбейт колуңдан, балам. Бир болсо, ошол өнөрүң менен элди ыраазы кыласың», — деп мени өнөргө өз эркимче коё берди. Бардык энелер деле тарбиялайт го балдарын, бирок апамдын тарбиясы бөлөкчө болду. Керели-кечке сүйлөп олтурчу эмес, кээде гана санжыра, тарых болобу, мисал келтирип айтып койчу. Кичинемде көп деле аңдаган эмес экем. Кийин чоңойгондо түшүнө баштадым. Тарыхка жакын болуп калганыма да ушул кишинин салымы чоң. Апам болбосо, мен көптүн гана бири болуп жүрө бермекмин.

— Ар бир адамда ар кандай мүнөз, жакшы да, жаман да сапаттар болот эмеспи. Сиздин мүнөзүңүз кандай?

— Мен жаратылышымдан чоң жалкоолордун катарына кирем. Бул — өзүмө жаккан да, анан жакпаган да сапатым. Кээде жалкоолуктун пайдасын көрүп калам. Мисалы: «Бул обондун жарымын келе жаткан айда деле чыгарам да», — деп жүрө бермейим бар. Бирок, ушул жакшы экен. Анткени убакыттан пайдаланып, ойлонуп алам. Мурдагы ойлорум жарабай калат. Анан эч убакта шашпайм. Үйүм өрттөнүп атса деле шашпайм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM