Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Беш бейтап каза болуп, 549 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 324 | 0

21-октябрда Кыргызстанда COVID-19 илдетинен беш: Баткен облусунан эки , Бишкек шаарынан үч бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1118ге жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 549 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында менен Жалал-Абад облусунда.

  • Бишкек шаары — 125;
  • Ош шаары — 37;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу — 82;
  • Талас облусу — 10;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 117;
  • Баткен облусу — 97.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 53 миң 459 болду.

Ошол эле акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 305 бейтап сакайды. Алар:

  • Бишкек шаары – 39;
  • Ош шаары – 11;
  • Чүй облусу – 22;
  • Ош облусу – 78;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 99;
  • Баткен облусу – 30.

Өлкөдө вирустан айыккандардын саны 46 миң 444кө жетти.

Учурда ооруканаларда 2796 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 2612 бейтап бар.

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми 16 медкызматкер айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM