Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров БУУнун өкүлү Наталья Герман менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 499 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушту.

Анда Жапаров өлкөдө бийлик алмашуу процедурасы Конституциянын ченемдерине ылайык, тынчтык жолу менен өткөнүн айтып, учурда өлкөдө абал турукташканын, саясий процесстер конституциялык багытка кайтканын белгиледи.

Жапаров ошондой эле экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар башталгандыгын маалымдады.

«Кыргызстандын 30 жылдык көз карандысыздык мезгилинде коррупция адамдын жашоо-чөйрөсүндөгү бардык тармактарга кеңири жайылган, бирок биз аны толук жоюу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Албетте, убакыт керектелет, бирок бул иштин натыйжасы жакынкы арада сезиле баштайт. Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чоң жумуш аткарылууда», — деди Садыр Жапаров.

Наталья Герман Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Өкмөтүнүн өлкөдөгү бардык социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча аракеттерин колдоого аларын айткан.

Аталган уюм мындан ары да Кыргызстанга колдоосун улантары маалым болду.

Наталья Германдын айтымында, реформаларды системалаштыруу максатында министрликтер менен биргеликте Жол картасынын долбоору иштелип чыгарын билдирди.

Учурда БУУ Кыргызстанга керектүү жардамдын багытын жана көлөмүн карап жатканын кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM