Биз менен байланышыңыз

Президент Жапониядан келген ишкерлер менен жолугушту

Кыска кабар | 27 Сен 2024 | 98 | 0

Президент Садыр Жапаров 27-сентябрда Жапониядан келген бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Жапаров 2021-жылдан бери Кыргызстанда реформалар жүргүзүлүп жатканын, коррупцияга каршы катуу күрөш жарыяланганын айтты.

Муну менен Кыргызстанда ар бир жаран жана ар бир чет элдик инвестор өзүн коопсуз сезген, ишин тынч алып барган өлкөгө айландырууга бардык күч-аракеттер жумшалып жатканын белгиледи.

Президент акыркы жылдары өлкөнүн экономикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтып, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен активдүү диалогго жана кызматташууга ачык экенин билдирди.

Япониянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү медицина, анын ичинде диагностикалык борборлорду түзүү жана бул мекемелердин медициналык кызматкерлерин окутуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин белгилешти. Ошондой эле банк иши, туризм, энергетика жана спорт тармактарында иштөөгө даяр экендиктерин айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM