Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусияны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2024 | 66 | 0

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 26-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында жолугушту.

Анда өзбекстандык министр Саидов эки өлкө бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принцибин карманышы керек экенин баса белгиледи. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүк жана келечектеги иш-чараларга даярдык талкууланды. Саидов эки өлкө ортосундагы туруктуу диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанда мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кылдат көз салып жатканын билдирген.

Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын төрагасы Алишер Кадыров окуя Өзбекстанда болуп жатканын, андыктан өлкө өз мыйзамдарына таянып, териштирүү жүргүзүп аларын айткан.

Баланын апасы Facebook’ка пост жазып, уулу мугалимге орус тил сабагында өзбекче эмес, орусча сүйлөш керек экенин айтканда чыр чыкканын билдирген. Көп өтпөй ал пост өчүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM