Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматы: Матраимов фамилиясын өзгөртүү боюнча өзү кайрылган

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 900 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жаңы паспортуна байланышкан жагдай боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы түшүндүрмө берди.

Мекемеден билдиришкендей, кыргыз жараны Матраимов Райымбек Ош шаарынын жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө КРнын «Граждандык актыларды каттоо» мыйзамынын негизинде аты-жөнүн өзгөртүү боюнча кайрылган. Анын фамилиясын «Ысмаилов» деп өзгөртүү баары мыйзам чегинде, анын өз каалоосу менен ишке ашкан. Бирок, ага карата өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салынган буйрукка ылайык, жаңы еID паспорту колуна берилген эмес.

Учурда Райымбек Матраимовдун мурунку жана азыркы паспорту Ош шаарындагы калкты тейлөө борборунда кармалып турат. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM