Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоо күнү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенден кийин белгиленет

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 439 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону белгилөө — шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилгенден кийин дайындалат. Бул тууралуу БШК билдирет.

Мындай чечим жумушчу топтун отурумунда кабыл алынды. Парламент депутаттары «Форма-2» менен каттоо маселесин да чечиши керектиги айтылат. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарына босого пайызды төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн азайтуу сыяктуу өзгөрүүлөр да киргизилиши шарт.

Андан кийин гана БШК шайлоонун күнүн белгилейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-октябрда шайлоону 20-декабрга белгилөө керектигин билдирген.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын алдын ала жыйынтыгы нааразылык жараткан. Тынчтык митингдери башаламандыктар менен коштолду. Андан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM