Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын берүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 4991 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун берүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат. Аталган Жарлык кол коюлган күндө тарта күчүнө кирет.

2017-жылдын 1-октябрында шайланып, ошол эле жылдын 15-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти кызматын аткарууга киришкен Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп, кызматын тапшырып берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев Сооронбай Жээнбековдун экс-президент деген макамы сакталып калышы керектигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM