Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков элден кечирим сурады

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 857 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып элден кечирим сурады. Ал иш болгон жерде кемчиликтер болорун айтты.

«Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм. Ар бир мекендешиме ден соолук жана бакыт-таалай тилейм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков бийликке келген Садыр Жапаровго кайрылып, ийгилик каалады.

«Эки тизгин, бир чылбырды» колго алып жаткан жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм. Баарыбыздын тагдырыбыз — жалгыз гана Кудайдын амиринде. Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!» ,- дейт Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM