Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Президенттин милдети мага жүктөлдү

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 3140 | 0

Президенттин милдетин убактылуу аткаруу өкмөт башчы Садыр Жапаровго жүктөлдү. Бул тууралуу ал өзү бүгүн кечинде тарапташтары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жапаровдун айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Жээнбеков отставкага кете турганын билдирген. Мыйзам боюнча президент отставкага кетсе, анын милдетин аткаруу парламент төрагасына жүктөлөт. Эгер ал баш тартса, анда өкмөт башчы президенттин да милдетин убактылуу аткарып турат.

Copyright © 2017 Maral FM