Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 5997 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кетерин айтты. Ал буга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максатында кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкага кетишимди талап кылышууда.

Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең чагымчылдыкка барбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы — бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан отставкага кетүү чечимин кабыл алдым.

Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле.

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Copyright © 2017 Maral FM