Биз менен байланышыңыз

Орусия каржылык жардам көрсөтүүнү токтотуу аркылуу туруктуулукту каалайт

Саясат | 15 Окт 2020 | 665 | 0

Орусия Кыргызстандагы саясий абалга байланыштуу бийликтин функциясы калыбына келмейинче, каржылык жардам көрсөтүүнү убактылуу токтото тургандыгын «РБК» агенттиги Орусиянын Каржы министрлигиндеги булактарына таянып жарыялады. Мындай чектөө Кыргызстандын учурдагы абалына кандай таасир этет жана бул эмнеден кабар берет? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши «Кыргызстанга 100 млн доллар насыя бөлүү тууралуу» чечимин ушул жылдын август айында кабыл алган. Ошондой эле мыйзамды ратификациялоо боюнча 21- сентябрда президент кол койгон. 2-октябрда аталган фонд макулдашуу күчүнө киргенин тастыктаган расмий кат жиберген. Ага ылайык, фонд 5 күндүн ичинде акчаны которуп бериши керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин которгон эмес, ал тургай билдирүү да жасашпаган. Насыя өкмөттүн жана Кыргызстандын Улуттук банкынын «Экономика, каржы жана социалдык тармактарына коронавирустун тийгизген таасирин жоюу» программасын ишке ашырууга багытталмак.

Каржы министрлигинин башкы адиси Нурбек Акжолов жогоруда аталган иштин чоо-жайын түшүндүрүү менен бирге, Орусия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү токтото тургандыгы боюнча расмий билдире электигин айтты.

— Биз расмий түрдө эч кандай кат алган жокпуз. Ошондуктан биздин да расмий билдирүү жасаганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берүү боюнча кол коюлган, ошондуктан фонд менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын айтуусуна караганда, Кыргызстандагы стабилдешүүнү күтүп отургандай. Ошондуктан ратификацияланган документтин алкагында макулдашылган насыяны эртерээк берүүсүн суранып жатабыз, — деди Акжолов.

Орусия ар дайым Кыргызстандагы болгон окуяларга байланыштуу реакция кылып келет. Өлкөдөгү митингдер, бюджеттин тартыштыгы, өлкөнүн жалпы карызы жана пандемияга байланыштуу да кошумча чыгымдар өсүп жатат. Өкмөт жөн эле отставкага кетти. Алар пандемия учурунда тышкы карызды канчага көбөйткөнүн жана гранттык карыздарды так-даана канча алганын айтышкан жок. Демек жалпы жоопкерчилик жок экенин көрсөтүштү. Өлкө стабилдүүлүккө келбегендиктен Орусиянын бул кадамы туура экенин экономика боюнча эксперт Эркин Абдыразаков айтты.

Экономикага таасири аябай эле күч. Эми саясий эрк жетсе, өзүлөрү сөз берген бюджетти толтуруп, экономиканы кыйроодоон алып калуунун бир эле жолу: Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталган шартта «Кумтөр» менен сүйлөшүүгө баруу жана Орусиядагы «Жер үйдү» калыбына келтирүү. Мындан тышкары Париж клубу сыяктуу донор институттар бар. Алар менен тыкыр сүйлөшүш керек. Мына БУУнун баш катчысы өзү да айтты: «Кыргызстанга сөзсүз түрдө жардам беребиз», — деп, — деди Абдыразаков.

Каржы жардамбы же анын артынан зыян катары күтүлгөн талап коюлабы? Биринчи кезекте кандай талап менен жардам берилет, ошону ойлош керек. Ал талап Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана экономикасына кандай пайдасы же зыяны бар? Ошондуктан биринчи кезекте жардам бергендеги талап кылынган шартты тааный билүү керектигин мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев айтты.

Анын айтымында, эч бир экономика башка өлкөнүн экономикасы менен байланышпастан жүргүзө албайт. Бирок байланышкан менен ачык экономикага умтулабы же жабык соодагабы? Кыргызстан азыр Орусиянын, башкача айтканда, Евразия Экономикалык Биримдигинин ич ара дагы, сырт ара дагы жабылып жаткан экономикасына «кыпчылып» калды.

— Кыргызстан ачык экономикалык саясаттан баш тартпашы керек. Кадамдарды Евразия Экономикалык Биримдигинен же Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүп албаш керек. Элибиздин мүмкүнчүлүгүн колдогон жана кызыкчылыгын коргогон дүйнөлүк жетишкендиктерди экономикада, бизнесте, технологияда колдонууга көбүрөөк умтулсак, андан өзүбүзгө көбүрөөк пайда таба алабыз, — деди Уметалиев.

Кошумчалай кетсек, Орусия Кыргызстанга акыркы жолу 2019-жылы каржылык жардам иретинде кайтарымсыз 30 миллион доллар берген. Ошондой эле 2005-жылдан бери Орусия Кыргызстандын 700 миллион доллардан ашуун карызын кечкен.

Copyright © 2017 Maral FM