Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөт башчыны кызматына дайындады

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 819 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда «Премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык,

-Жапаров Садыр Нургожоевич — Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

-Новиков Артем Эдуардович — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

-Мамытканов Максат Сүйүналиевич — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

-Исмаилова Аида Жекшенбаевна — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

-Сабиров Равшанбек Азатович — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

-Аманбаев Бактыбек Абдилашимович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси — министр кызматына;

-Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызматына;

-Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына;

-Жаманкулов Марат Тургунбаевич — Кыргыз Республикасынын Юстиция министри кызматына;

-Мукашев Кыялбек Белекович — Кыргыз Республикасынын Каржы министри кызматына;

-Муканбетов Санжар Турдукожоевич — Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

-Чодуев Эркинбек Урайымович — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

-Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри кызматына;

-Ажикеев Бообек Эргешович — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

-Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына;

-Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри кызматына;

-Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

-Кочкоров Улукбек Тойчубаевич — Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

-Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович — Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

-Исмаилов Алтынбек Жапарович — Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM