Биз менен байланышыңыз

Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 1049 | 0

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан депутаттардын кезексиз жыйынында белгилүү болду.

Бүгүнкү кезексиз жыйындын күн тартибиндеги алгачкы маселе катары Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселесин каралды. Анда төрагалык орунга шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү. Добуш берүүгө катышкан 80 депутаттын 78и Канатбек Исаевдин талапкерлигин колдоп добуш берди.

Белгилей кетсек, 6-октябрда болуп өткөн массалык башаламандыктарга байланыштуу «Достук» мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мурдагы төрага Дастан Жумабеков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, ордуна Мыктыбек Абдылдаевди төрага катары шайлашкан. Андан соң, 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн кезексиз жыйында Мыктыбек Абдылдаев төрагалык кызматтан баш тартып, жыйынга төрагалык кылууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM