Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин саясатка кайтуу аракети ишке аша элек

Саясат | 13 Окт 2020 | 522 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин карап, бирок чечилбеген боюнча калды. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов бош мандат жоктугунан улам чечим кабыл алынбаганын билдирген.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын «Ата Мекен» фракциясынан депутаты Садык Шер-Нияз 12-октябрдын кечинде Боршайкомдун төрайымына партия лидери Өмүрбек Текебаевге өткөзүп берүү максатында депутаттык мандатынан баш тартуу арызын жазган. Ал бул кадамын бүгүнкү күнү парламент Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү саясатчыга муктаж экендиги менен түшүндүргөн.

— «Мандатымды тапшырганга даярмын», — деп, Шайлдабекованын атына арыз жазгам. Буга чейин Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясы учурда фракцияда «депутаттык вакансиялык мандат жок» деген тыянак чыгарыптыр. Ошондой эле, эгерде «Ата Мекен» фракциясынан кимдир бирөө мандатын тапшырып, вакансия пайда болсо, Өмүрбек Чиркешовичтин депутат болушуна макулбуз дешкен. Ошон үчүн мен өзүмдүн ордумду бошотуп берүүнү туура көрдүм. 

Депутат кайрылуусунда: «Мандатты Текебаев үчүн гана берем, мен бошоткон орунду Текебаевге бербей турган болсо, анда арызым күчүн жоготот», — деп белгилеген.

Арызды Боршайком бүгүн карамак. Бирок чечим кабыл алууга жетиштүү кворум чогулбагандыктан, бул маселени кароо кийинкиге жылдырды. Комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Боршайкомдун мүчөлөрү атайылап чогулбай жатат деп эсептейт.

— 6 киши чогулдук. Кворум үчүн 7 киши, чечим чыгарыш үчүн 8 киши керек. Канча жыйын болду дайыма кворум чогулуп келген. Пандемия шартында иштелип чыккан регламентке ылайык, БШК мүчөлөрү өздөрү келе алышпаса, зум аркылуу онлайн катышса болот. Бирок комиссия мүчөлөрү бул мүмкүнчүлүктү да пайдаланбай, атайын кандайдыр бир оюндардын аркасы менен кворум чогулбай жатат.

Атыр Абдрахматованын айтымында, Текебаевге мандат тийсин деген чечим даярдалган. Аны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы юристтер менен чогуу даярдаганын айтат. Абдрахматова Текебаевдин келиши мыйзамга туура келбесе, бул чечим даярдалмак эместигин белгилейт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, VI чакырылыштагы парламенттин иши 28-октябрда токтойт. Мындан улам «Кыска эле мөөнөткө депутат болуп келүүнүн Текебаевге кандай пайдасы бар?» — деген суроо жаралбай койбойт.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында саясатчыны мөөнөттүн кыскалыгы кызыктырбайт. Ал Текебаев саясий имджин көтөрүү аракетинде экендигин айтат.

— Текебаевдин да саясатка келгенге укугу бар. Мындай чечимге Садыр Жапаров абактан чыгып, сот органдарынын жообун четке чыгарып, иш кайра каралсын деген соң келди. Садыр Жапаров премьер-министрликке талапкерлигин койгондон кийин Текебаев дагы ойгонду го деп ойлойм. Бул минтип жатса, мен да пайдаланып алайын деп, анан саясатка келүүдө, бирден-бир себеби ушул болуп калды. Мындан жарым ай мурун ал «Ата Мекен» партиясы парламенттик шайлоого катышканда тизмеде жок болчу. Биринчи жагы, Садыр Жапаровдун окуясы түрткү болду . Экинчи жагы, бизде саясатта саясий жоопкерчилиги жоктор жүрөт, эски саясатчылар коркпой-үркпөй эле келип жатышат. Объективдүү жагы ушундай. Үчүнчүсү, биз анын кандай саясатчы экенини билебиз, Кыргызстандын азыр  ушундай абалга алып келгендердин — бирден-бири. Саясатчы катары аны жактаганы-мактаганы бар, ар кимдин өзүнүн ою бар. Мен мындай айтат элем да, булар чала саясатчы деп. «Чала молдо дин бузат» дегендей, «Чала саясатчы мамлекет бузат» деген сөз бар. Учурда Текебаев келсе эле өзгөртүп салмак беле? Текебаев бийликке чыныгы саясатчы, ак экенин көрсөтүш үчүн гана келет. Канча убакытка келгени маанилүү эмес. Ал саясий имиджин көтөрүү үчүн гана келет.

Бул боюнча пикир алуу үчүн Өмүрбек Текебаев менен байланышсак, жыйынтык чыккан соң маалымат менен бөлүшөрүн айтып, азырынча бул маселе боюнча комментарий бербей турууну туура көрөрүн белгиледи.

Бөрүбашевдин айтымында, бошотулган мандат жобо боюнча кезекте турган талапкерге берилиши керек.

— Мыйзамда ким мандатын өткөзсө, кийинки тизмеде кимдики болсо, ошого берилиши керек. Ошону БШК колдонобу же колдонбойбу, көрөлү деп жатабыз. Эгер мандат бош болсо, тизме боюнча болушу керек. Мандаттын Текебаевге берилиши жобого туура келбейт.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотоновду үй камагына бошоткон. Иш учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

Депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамда, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо, мандат берилиши керектиги айтылат. Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган.

Copyright © 2017 Maral FM