Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Сооронбай Жээнбековду жалгыз легитимдүү институт катары тааныйт

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 730 | 0

Евробиримдик президент Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана легитимдүү институт катары тааныйт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин кайрылуусунда айтылат.

12-октябрда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Кайрылууда президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан менен Евробримдиктин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашууну илгерилетүүгө кошкон салымы белгиленет.

«Евробиримдик парламенттик демократиянын тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын чыныгы досу жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Евробиримдик Жээнбековдо учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жетиштүү сандагы күчтөр жана механизмдер бар деп эсептейт. Бардык саясий күчтөрдүн, күчтүү жарандык коомдун жана жаштардын колдоосу менен Сооронбай Жээнбеков өлкөнү кризистен алып чыга алат деген үмүтүн арткан.

Мындан сырткары, жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, анын ичинде Кыргызстандагы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Буга чейин Евробиримдик пандемияга байланыштуу да Кыргызстанга  жардам көрсөткөн. 

Copyright © 2017 Maral FM