Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салууда эл аралык тажрыйбанын мааниси

Кыска кабар , Саясат | 12 Окт 2020 | 588 | 0

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митингинен кийин саясий абал кризиске кептелип, кырдаал курч бойдон турат. 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер Садыр Жапаровду кызмат орунга шайлап, бекитүү үчүн президенттин кароосуна жөнөткөн. Бирок айрым тараптар Садыр Жапаровду шайлоодо кворум болбогондуктан, анын кызмат орду мыйзамсыз экенин айтышууда.

Өлкө саясий кризистен кантип чыга алат? Кыргызстандын абалы чындап кооптуубу? Ал турукташпаса, кандай коркунучтарга жол ачышы мүмкүн? Башка мамлекеттер мындай саясий кризистен кантип чыгып кетишкен? Алардын ыкмасын Кыргызстанга колдонууга болобу? Ушул өңдүү бир катар суроолорду саясий серепчилерге узатып, жооп алууга аракет жасадык.

Саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов эл аралык тажрыйба боюнча айрым мамлекеттерде төңкөрүштөн кийин жарандык согуш чыгып кеткен учурлар болгонун, бирок Кыргызстандын мисалында азыр андай коркунуч жок экенин билдирди.

Анын пикиринде, азыр Кыргызстанда кырдаал курч. Бул жерде үчүнчү күчтөр же башка өлкөлөр атайын кызматтары аркылуу абалга өз таасирин тийгизүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок, жарандык согуш чыгып кетет деген чочулоого негиз жок. Анткени өлкөдө идеологиялык кризис жаралган жок.

— Биринчиден, азыркы кырдаалда саясий элитанын тиреши болуп жатат. Ал эми элдин арасында андай тирешүү жок. Буга мисал, пандемия учурунда кыргыз эли биримдигин көрсөтө алды. Ошондой эле кыргыздар ыкчам мобилизация болууга даяр калк. 2005-2010-жылдагы тажрыйбада деле элдик кошуундар элге жардам берип, эл өзүн-өзү коргоп алган. Мындан улам кыргызстандыктарда ушундай өзгөчө кырдаалдар үчүн иммунитет пайда болду. 

Экинчиден, биздин элдин арасында идеологиялык кагылышуу жок. Мисалы, Тажикстандагы жарандык согушта бир тарап коммунисттерди колдосо, экинчи тарап исламчыларды колдоп чыккан. Бизде андай жагдай жок. Тескерисинче, эл азыркы саясий элитанын баарына каршы болуп жатат. Мындан улам, кандайдыр бир саясатчыны баары ээрчип кетет дегенден алысмын. Саясий туруксуздук канча убакытка созулат, мен айта албайм. Бирок, жарандык кагылышуусуз эле кайра мыйзамдуу талаага кайтып келебиз деп ишенем.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча серепчи Таалатбек Масадыковдун пикиринде, өлкөдө саясий күчтөр бири-бирин эмес, кээде өздөрүн да укпай жатат. Алардын талашында элдин кызыкчылыгы, биримдиги, мамлекеттин стабилдүүлүгү, бүтүндүгү жөнүндө эч кандай сөз жок. Ар бир топтун жеке кызыкчылыгы тууралуу кеп болууда. Мындай саясий кризистен чыгуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөрдү жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тегерек столго чогултуп, кырдаалдан чыгууну макулдашышы керек. Жолугушуу толугу менен ЖМКлар аркылуу чагылдырылууга тийиш. Анткени эл эмне болуп жатканын билбей жатат.

Масадыков Сириядагы согушту тышкы күчтөр баштап кеткенин мисал келтирип, коңгуроо какты.

— Анткени Кыргызстандагы акыркы окуялар өкмөттүн, күч түзүмдөрүнүн даяр эместигин, алсыздыгын көрсөттү. Мындай хаосту тышкы күчтөр пайдаланып кетиши толук ыктымал. Өкмөт, күч түзүмдөрү кесипкөй эместигин айкындады. Бул — чоң коркунуч. Тышкы күчтөргө хаосту чырга айлантуу оңой. Ошондуктан биз тынчтанбасак, бири-бирибизди укканды үйрөнбөсөк, Кыргыз Республикасынын, элдин келечеги жакшы болбойт. Украинаны карасак, элдин Европага кошулуу каалоосу болду. Бирок арасынан башка саясий күчтөр чыгып, азыр да маселелер чечиле элек. Ооганстанды айтпай эле коёюн, анткени ал жерде 40 жылдан бери согуш болуп жатат. Ал жакта да сырткы күчтөрдүн кызыкчылыктары бар. Элдин өзүнө койсо, мурда эле тынчтыкка келип бирикмек. Сириядагы согушту да тышкы күчтөр баштап кетти. Ошондуктан биз аябай этият болушубуз керек. Өкмөт, куралдуу күчтөр ойлонуп, өнөктөш мамлекеттер менен кырдаалдан чыгуунун жолун сүйлөшүүсү кажет. Элдин, көпчүлүктүн кызыкчылыгын ойлоп, бири-бирибизге жардам берсек, мамлекет өнүгүп, туруктуулукка ээ болуп, мындан ары түз жолдо кетет.

Өлкөдөгү кырдаалга чет өлкөлүк серепчилер да баасын берүүдө. Алсак, Казакстандын коомдук ишмери, саясат таануучу Ермухамет Ертысбаевдин пикиринде, Кыргызстан 2005-жылы тунгуч президент Аскар Акевди өлкөдөн кууп чыккандан бери саясий кризисте турат. Мамлекеттин тарыхында эч кандай революция болгон эмес. Кагылышуулардын баары — кландардын ортосунда жаралган чыр. Бул ирет да ошондой болду. Кырдаалдан чыгуу үчүн тараптар компромисске келиши керек.

— Тынчтык жолу менен сүйлөшүү Тоолуу Карабахта, Кыргызстанда, Беларусияда жүргүзүлүшү керек. Азыр өлкө президенти Лукашенко менен Беларусиянын саясий башкаруучулары координациялык кеңеш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, абал дароо жөнгө салынмак. Андыктан компромисске келүү керек. Ал — бир гана саясатта эмес, үй-бүлөлүк мамиледе да зарыл нерсе. Эгерде бир пикирге келүү болбогондо, дүйнөдө баары бири-бирине каршы чыгып, согуш болмок. Кыргыз боордоштор да бир пикирге келет деп үмүт артам.

Беларусияда президенттик шайлоонун артынан башталган нааразылык акциялары эки айдан бери токтой элек. 9-октябрда президенти Александр Лукашенко Беларусия менен Кыргызстандагы окуяларды салыштыруу таптакыр кесипкөйлүккө жатпай турганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы бийликтин алсыз вертикалына кландык күрөш, олигархия жана ашыкча коррупция сыяктуу башка көйгөйлөр да кошулду.

— Булардын бардыгы — анархиянын спутниктери. Бийлик жок эртең өлкөнү  бөлүп-жарган кландар, олигархтар пайда болот. Эң коркунучтуусу, мындай кесепеттерди бир дагы өлкө, анын ичинде биз дагы жокко чыгара албайбыз. Бийликти басып алууга эч бир мамлекет жол бербеши керек. «Жакында Беларусиядагы окуяларды (ишке ашпай калган төңкөрүштү) Кыргызстандагы «ийгиликтүү»төңкөрүш менен салыштыруу адатка айланды. Бул таптакыр кесипкөй эмес салыштыруу экендигин моюнга алып, бул жерде окшоштуктарды белгилебешибиз керек.

Саясат талдоочу Искендер Ормон уулу да мамлекеттердин баалуулуктары, калкынын саясий маданияты ар башка болгондуктан, орун алган окуяларды бири-бирине салыштырууга болбой турганын белгилейт. Ал тарыхта өнүкпөгөн коомдо өлкөлөр ыдырап кеткен учурлар болгонун, карапайым калк тиреше берсе, көп зыянга учурашы ыктымал экенин билдирди.

Ормон уулу өтмүшкө кайрылып, «Араб жазы» өлкөлөрүнүн мисалында Тунисте ички күчтөр өз ара катуу тирешкенин, бирок орток пикирге келип, жаңы Башмыйзамын жазган соң, өлкөнү сактап калганын эске салды. Андыктан, Кыргызстан да Башмыйзамдын негизинде иш алып барышы керектигин айтты.

— Мисалы 2010-жылдагы «араб жазында» Тунисте да төңкөрүш болгон. Анда өлкө ичиндеги исламчылдар, солчулдар, либералдар жана улутчулардын тирешүүсү өтө катуу болгон. Бирок алардын баарынын максаты мамлекеттүүлүктү сактап калуу болгондуктан, тараптардын орток катышуусу менен утурумдук өкмөт түзүлүп, андан соң жаңы Башмыйзам жазылган. «Менин гана айтканым болот», — дегенден алыс болуп, консенсуска келишкен. Ошонун негизинде төрт чоң саясий күчтүн лидерлери өлкөнү саясий кризистен консенсуска баруу менен алып чыккандыгы үчүн, Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татышкан.

Кошумчалай кетсек, «Араб жазы» — 2010-жылы Араб дүйнөсүндө башталган башкаруучу режимдерге каршы демонстрациялардын толкунун түшүндүрөт.

Анын ичинде Тунисте, Египетте, Йеменде ыңкылаптар жүрсө, Ливияда жарандык согушка чейин жетип, режимдер алмашкан. Сирияда жарандык согуш уланып, Бахрейнде жарандык көтөрүлүш чыгып, Алжирде, Иракта, Иорданияда, Мароккодо, Оманда толкундоолор орун алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM