10-октябрда Жогорку Кеңеш «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун өкмөттүк курамын жактырды. Ал мурдагы эле өкмөттүн курамы:
Премьер-министр — Садыр Жапаров;
Биринчи вице-премьер министр — Алмазбек Баатырбеков;
Вице-премьер-министр — Аида Исмаилова;
Вице-премьер-министр — Акрам Мадумаров;
Финансы министри — Бактыгүл Жээнбаева;
Саламаттык сактоо министри — Сабиржан Абдикаримов;
Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Таалайбек Темиралиев;
Экономика министри — Санжар Муканбетов;
Социалдык өнүктүрүү министри — Улукбек Кочкоров;
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри — Эркинбек Чодуев;
Юстиция министри — Марат Жаманкулов;
Транспорт жана жолдор министри — Жанат Бейшенов;
Тышкы иштер министри — Чыңгыз Айдарбеков;
Билим берүү жана илим министри — Каныбек Исаков:
Маданият, маалымат жана туризм министри — Азамат Жаманкулов;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы — Алтынбек Исмаилов;
Отун, өнөр-жай жана энергетика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы — Эмил Осмонбетов.
Өкмөттүк курамда мурдагы кызматкерлерден вице-премьер Эркин Асрандиев кызматтан баш тарткан.
Ал эми ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев да бул курамдын катарында жок.
2 пикир