Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов камакка алынды

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 2101 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан ага катышы бар адамдарды кармоо операциясы жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган кылмышка шектүү Курсан Асанов колго түштү.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да издөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM