Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Кумтөрдү» улутташтыруунун кажети жок

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 603 | 0

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында премьер-министрлик кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин кароодо. Анда Жапаров «Кумтөр» кенин улутташтырууга негиз жок экенин айтты.

— Мен камакта отурганда журналисттерге интервью бергем. Ошондо «Кумтөрдө» алтындын запасы азайганын, улутташтырууга негиз калбаганын айткам. «Центерра» компаниясы алтынды иштетип бүткөндөн кийин казылган жерди калыбына келтирип бериши керек. Азыр да позициям ушундай, — деди Жапаров.

Бирок бул маселени дагы карап чыга турганын айтты.

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны «Ала-Арча» резиденциясында өтүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM