Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов кармалды

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 637 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жан сакчылары Дамир Мусакеев, Канат Сагынбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан ага катышы бар адамдарды кармоо операциясы жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган кылмышка шектүү Алмазбек Атамбаев, жан сакчылары жана Фарид Ниязов колго түштү.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да издөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM