Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн аппараты кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 700 | 0

Өкмөттүн аппарат жетекчиси — министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Темиралиев аппараттагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү актуалдуу маселелердин топтому, анын ичинде өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиологиялык абал, эмгек акыларды жана социалдык төлөмдөрдү каржылоо маселелери талкууга алынды.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн аппараты өз ишин кадимки режимде улантууда. Учурдагы коомдук-саясий абалга байланыштуу айрым кызматкерлер аралыктан иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM