Бүгүн, 10-октябрь саат 9:30 чамасында Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогундагы күчү 3 баллга жеткен. Ал эми Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.