Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Акыркы эки күндө вирус көп катталып жатат

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 742 | 0

Бишкекте жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагандыгынын кесепети байкалып жатат. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус оорусун жуктурган 245 адам катталды. Министрдин айтымында, акыркы эки күндө вирустун жаңы учурлары көп катталууда.

«Ушундай эле көрсөткүч мындан 53 күн мурун, август айынын башында катталган. Эгер жакында эле түштүктө абал курч болсо, акыркы күндөрү Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып тургандыгы байкалууда. Бул көрүнүш негизги профилактикалык иш-чаралардын такыр сакталбаганы үчүн болуп жатат. Бет кап тагынгандар, аралыкты сактагандар азайып, санитардык эрежелер аткарылбай калды», — деди Абдикаримов.

13-августта Бишкекте коронавирустун 77 жаңы учуру катталган.

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавируска кабылгандардын саны 48 миң 342ге жетти. Анын ичинен 43 миң 957 киши айыгып, 1073 адам каза болду.

Ушул күндөрү 2 миң 857 адам дарыланууда. Анын ичинен 1491и үй шартында, 1366сы стационарларда дарыланууда.

Өлкө аймагында 2317 орундуктун 45%ы гана колдонулуп жатканы кабарланды.

Бишкекте 5-октябрдан бери массалык түрдө нааразылык акциялары өтүп жатат. 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Ага чейин бир ай үгүт иштери жүргөн. Бул шайлоо өнөктүгү учурунда жарандардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн санитардык эрежелерди сактабагандыгы сынга кабылып келди. Өкмөт мындай абал вирустун жайылып кетишине себеп болорун айтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM