Биз менен байланышыңыз

Митингде каза болгон Үмүтбек жерге берилди (фото, видео)

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 1684 | 0

5-октябрь түнү башаламандык учурунда каза болгон 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбектин сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилди. Бул тууралуу анын жакындары, айылдаштары социалдык тармактарга жазышты.

Опубликовано Askar Asrarov Среда, 7 октября 2020 г.

Маркум Үмүтбектин жаназасына партия лидерлеринен, партия өкүлдөрүнөн эч ким барган эмес. Бул тууралуу ошол жакта жүргөн күбөлөр билдиришти.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты, коомдук ишмер Жамалбек Ырсалиев учурда чиновниктер бийлик талашуу менен алектигин айтып, Кыргызстан деп жанын берген жаштардын үмүтү акталса экен деген пикирин жазган:

— Сени эстеген киши жок. Баары кресло талашып, жанталашкан атка минерлер… кайра эле таз кейпибизди кийип калбасак экен деп тиленип отурабыз…. Өлгөн сен деле, тирүү биз деле жыргабай жатабыз, — деп жазат Ырсалиев.

Кечир бизди Үмүтбек. Сен бүгүн кара жерди кучактап жатасың иним. Бир сааттан кийин жаназа намазың окулуп акыркы сапарга…

Опубликовано Жамалбеком Ырсалиевым Среда, 7 октября 2020 г.

Маалыматка ылайык, маркум Алтынбек уулу Үмүтбек Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгон.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын өкүлдөрү жана алардын тарапташтары 5-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтына нааразычылык митингин өткөрүшкөн. Кечке маал митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылыш болуп, бир нече адам жаракат алып, ооруканаларга кайрылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечки кагылышта жабыркаган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумганын билдирген. Анын жарылуучу заттан буту жанчылып калганын айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM