Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров премьер-министр боло элек. Спикердин түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 6831 | 0

Садыр Жапаров премьер-министр боло элек. Бул тууралуу парламенттин жаңы дайындалган спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Абдылдаевдин түшүндүрмөсү боюнча, Садыр Жапаровду көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка сунуштаган. Эми Жапаров өкмөттүн курамы боюнча сунушун парламентке алып келүүсү зарыл. Андан кийин гана парламент Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү маселесин добушка коет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болуп дайындалганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM