Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына депутаттар чогулбай жатат

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1097 | 0

Бүгүн, 6-октябрда саат 16.00гө белгиленген Жогорку Кеңештин «Достук» мейманкасындагы кезексиз жыйынга депутаттар чогулбай жатат, кворум жок. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, болгону онго жетпеген депутат келген. Ошондуктан жыйын өтпөй калышы ыктымал.

«Достук» отелиндеги кезексиз жыйынга эл чогулуп, ошондой эле журналисттер киргизилбей жатканы айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM