Биз менен байланышыңыз

Мавлян Аскарбеков кызматтан кетүүгө арыз жазды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 441 | 0

Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков кызматын тапшыруу боюнча арыз жазды. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Белгилүү активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин турак жай, коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп 2018-жылы октябрда дайындалган.

Аскарбеков бул кызматка келгенге чейин жарандык активист катары көйгөйлүү маселелерде пикирин ачык билдирип жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM