Биз менен байланышыңыз

Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 4114 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева кабарлады.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушун БШКнын 12 мүчөсү тең колдоду.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышты. Алар:«Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Буга байланыштуу нааразылык акциясы Бишкекте 5-октябрда башталып, кечинде күч түзүмдөрү менен демонстранттардын кагылуушусу орун алып, аягында акциячылар Ак үйдү басып алышты.

6-октябрда Ош шаарында президенттин тарапташтары митингге чогулуп, бирок топтолгондордун көбү шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM