Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 389 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго шаардык кеңештин 31 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, Сарыбашов арыз жаза элек.

«Мэр шаар үчүн жакшы иштерди жасай алды деп толук айта алам», — деп билдирди маалымат катчы.

Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Ошондой эле Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов да кызматтан кетүү боюнча арыздарын жазган.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мэр арыз жаза элек. Мэр шаар үчүн жакшы иштерди жасай алды деп толук айта алам.

Опубликовано Азаматом Абсаттаровым Понедельник, 5 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM