Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Таластагы өкүлү Марат Мураталиев кызматын тапшырды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 426 | 0

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды.

Бүгүн өкмөттүн Талас шаарындагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына эл чогулду. Алар элдик кошуун түзүп, тынчтык акциясын өткөрүүдө.

6-октябрда эртең менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов да кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Нарын шаарынын борбордук аянтында да эл чогулду.

4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгында 4 партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия аз добуш алышты. Алар бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясын башташкан. Ал түнү менен уланып, 6-октябрда таңда чогулгандар Ак үйдү басып алышты.

Мындай жагдайдан улам өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын лидерлери менен жолугушуу өткөрүүдө. Учурда өлкөдө абал кооптуу болуп турат.

Ал ортодо Ош шаарында президенттин тарапташтары митингге чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM