Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Президент күчүн өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө жумшап жатат

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1494 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Саясий күчтөр өлкө кызыкчылыгын өз кызыкчылыктарынан жогору коюп, коомчулукту бөлүнүп-жарылуу сыяктуу кооптуу жагдайларга түртпөйт деген бекем ишенимде экенин билдирүүдө. Өзүнүн бардык күч-аракетин өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө жумшап жатат. Биринчи кезекте, бул өлкөдө бир күн мурун өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда, Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Мамлекет башчысы учурдагы түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен БШКга парламенттик шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга чейин, мыйзам бузууларга байланыштуу материалдарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуш кылып жатканын белгиледи.

«Тилекке каршы, кыргызстандыктар буга чейин эки элдик көтөрүлүштү башынан өткөргөн жана тынчтык менен туруктуулуктун баасын абдан жакшы билишет. Ошондуктан Президент Сооронбай Жээнбековдун бардык күч-аракеттери жакынкы убакытта  өлкөгө тынчтыкты кайтарууга багытталарын белгилейт. Мамлекет башчысы бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды  Кыргызстандын келечеги үчүн акылмандуулукка чакырат. Азыр ал — Бишкекте», — деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM