Биз менен байланышыңыз

Коомдук бирикме жана фонддордун шайлоо боюнча билдирүүлөрү

Кыска кабар , Саясат | 5 Окт 2020 | 656 | 0

Коомдук бирикмелер жана фонддор 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүп, анализдердин алдын ала жыйынтыктарын жарыялашты. Ага ылайык, Жалал-Абад шаарында №2112 шайлоо участкасында комиссиянын мүчөсү добуш берүүнүн купуялуулугун бузуп, бюллетендерди урнага кошо салышканы үчүн башка адам менен алмаштырылган. Ошондой эле Бишкек шаарында 2, Ошто бир тилкеде участкаларды ачуу процедуралары бузулган, комиссия мүчөлөрү үчүн чүчүкулак ойнотулган эмес. Ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча акт түзүлгөн.

«Таза шайлоо» ассоциациясы республика боюнча 120 шайлоо тилкесине байкоо жүргүздү. Аталган мекеменин аткаруучу директору Эдир Бова билдиргендей, шайлоодо ачык-айкындык принциптери сакталганы менен бир катар мыйзам бузуулар да катталды. Алсак, байкоочуларга карата коркутуулар, күч колдонуулар болгон. Окуя Ош шаарындагы № 5288 жана № 5911 шайлоо тилкелеринде орун алып, кол салгандар боюнча укук коргоо органдарына арыздар берилген. Ушул эле калаада участкаларды ачуу процедуралары бузулган, комиссиянын мүчөлөрү үчүн чүчүкулак ойнотулган эмес.

— Жалал-Абад жана Талас шаарларында 2 участкада шайлоочулардын бюллетендерин добуш берүү кабинкасында сүрөткө тартуу аракетинин бир нече учуру катталды. № 1025 шайлоо тилкесинде бир эле учурда АЭУ жана стационардык урна колдонулду. Шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, аларды көзөмөлдөө жана бекитүү сыяктуу көрүнүштөр белгиленди. Мындан сырткары №1152 участкада добуштарды кол менен эсептөө процесси жүргүзүлгөн эмес, бул шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандык болуп саналат жана УШКнын мүчөлөрүн жоопко тартууну талап кылат. Биз байкоочулардан топтогон маалыматтарды анализдеп жатабыз. Бардык мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

«Эгль» коомдук фондунун кызматкерлери 85 шайлоо тилкесине байкоо салган. Алардын анализине ылайык, участкалардын 81%ында гана майып жарандар үчүн пандус орнотулган. Бирок алардын баары стандартка ылайык эмес, колдонууга ыңгайсыз. Бирок өткөн шайлоолорго салыштырмалуу коомдун аялуу катмарына түзүлгөн шарттар жакшырган. Атайын видео, аудио материалдар даярдалды. Мындан сырткары шайлоо тилкесине кире бериште жардам үчүн атайын кнопкалар коюлду. Бул тууралуу коомдук фонддун төрагасы Мирлан Медетов билдирди. Ал Нарында фонддун бир байкоочусуна акча сунуштап, добушун сатып алуу аракети болгонун кошумчалады.

— Биздин бир байкоочуга акча сунушташкан. Бирок байкоочу экенин билип калган соң, кетип калышкан. Кайсы партиядан, канча сом сунуштаганы белгисиз. Шайлоо тилкесинин сыртында тизме менен турган жарандар болгон. Мындан сырткары бир тилкеде байкоочубуз толук байкоо жүргүзө алган эмес, ага шарт түзүлбөй калган. Айрым жарандар бюллетенди сүрөткө тартып алуу фактысын байкашкан. Бул иштер боюнча укук коргоо органдарына арыз берилди. Белгилей кетчү жагдай, тилекке каршы, майып жарандардын көпчүлүгү добуш берүү бөлмөсүнөн сырткаркы жерде добуш берди. Алсак, бир участкада 14 шайлоочудан экөө гана шайлоо тилкесинде добушун берди.   

Жыйында белгилүү болгондой, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси партиялардын теледебаттарына, алардын маалыматтык агенттиктер жана интернет басылмаларда жарыяланган материалдарына, анализ жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» саясий партиялары жарнамалык үгүт материалдар көп берилген. Ал эми «Республика», «Бир бол», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан» партияларында жарнамалык материалдар азыраак берилген. «Реформа», «Чоң казат», «Ыйман Нуру», «Ордо» партиялары социалдык тармактарда активдүү болгон.

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси мындан сырткары партиялардагы гендердик теңдикке да байкоо жүргүзгөн. Бул тууралуу аталган бирикменин координатору Бактыгүл Исланбекова маалымдады.

— Басымдуу партияларда аялдардын өкүлчүлүгү көп болду. Бирок алар тизмеде 50дөн ылдыйкы орундарда турушту. Кээ бир партиялар, алсак, «Мекеним Кыргызстандан» 8 аял чыгып кетти. Башка партияларда да ушундай фактылар орун алды. Бирок БШК бул мыйзам бузуу эместигин билдирет. Демек, мыйзамдарда кемчилик бар. Гендердик теңдикти сактаган партиялар болду. Бирок алар мыйзамда көрсөтүлгөн чекти гана сактап, андан ашкан жок. 

«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду ЖМК, интернет басылмалардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууда мыйзамдарды, этикалык нормаларды канчалык денгээлде сактаганына жана маалыматты объективдүү чагылдырганына байкоо жүргүзгөн.

Аталган коомдук фонддун юристи Нуржан Мусаева кабарлагандай, үгүт жүргүзүү маалында, тагыраагы, 4-сентябрдан 3-октябрга чейинки аралыкта кыргыз жана орус тилдүү, мамлекеттик жана жеке менчик 12 электрондук ЖМК, 7 интернет басылмасы, 40 мезгилүү басылманын материалдарына мониторинг жүргүзүлдү. Ага ылайык, көпчүлүк сайттар эрежелерди так сактап, объективдүү маалымат беришти. Алар мурдагы шайлоого салыштырмалуу маалыматтык-аналитикалык материалдарды берүүгө тырышкан.

Көпчүлүк электрондук ЖМКлардын берүүлөрүндө партиялардын программалары жөнүндө атайын маалымат берилген эмес.

— Телеберүүлөрдө партиялардын программалары сынга кабылып, бирок кайсы партия экени ачык айтылган эмес. Телеканалдардын басымдуу бөлүгүндө үгүттөө сюжеттери маалыматтык программалардын ортосунда берилип жатты. Дикторлор үгүт материалдарын жаңылыктар менен кошо окуп жатышты. Мындайда жаран материалды айырмалай албайт. Мындан тышкары мамлекеттик каналдар жеке жактардан айырмаланып, КТРК, Ала-Тоо-24, ЭлТР, Ынтымак ТВ телеканалдарында, Биринчи радиодо «Биримдик» партиясынын маалыматтары үстөмдүк кылып турду. Мындан сырткары шайлоо алдында мамлекеттик каналдарда, президенттин жана өкмөттүн иштери боюнча позитивдүү материалдар көп чагылдырылды. Ал эми жеке каналдарда мындай берүү азыраак болуп, негизинен үгүттөө роликтери берилди.  

Айта кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 1 млн 970 миң 313 адам катышты. Алдын ала жыйынтык боюнча «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары жети пайыздык босогодон өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM