Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 207 жаңы учуру катталды. Респбуликалык штабдын маалыматына караганда, эң көп учур Баткен облусунда катталган.
- Бишкек — 26;
- Ош — 4;
- Чүй облусу – 8;
- Ош облусу — 34;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу – 9;
- Жалал-Абад облусу – 46;
- Баткен облусу — 75.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 47 миң 635ке жетти.
Бүгүн, 5-октябрга карата COVID-19 илдетинен 103 бейтап сакайды:
- Бишкек – 6;
- Ош шаары – 23;
- Чүй облусу – 7;
- Ош облусу – 36;
- Нарын облусу – 3;
- Талас облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 2;
- Жалал-Абад облусу – 8;
- Баткен облусу – 13.
Кыргызстанда коронавирустан айыккандардан саны — 43 миң 521ге жетти. 5-октябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1066 адамды түздү.
Учурда ооруканаларда 1123 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда — 1470 бейтап бар.