Биз менен байланышыңыз

БШК шайлоонун соңку жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 394 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бюллетендер колго эсептелип бүткөндөн кийин түзүлгөн протоколдор аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилиши керек.

Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо тилкелеринен келген маалыматтарды топтойт жана арыз-кайрылууларды кабыл алат.

Андан кийин ар бир аймактык шайлоо комиссиясы эки жумадан кечиктирбестен өзүнүн аймагындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол жана жыйынтык жадыбалын БШКга тапшырышы керек. Андан соң БШК 20 күн ичинде шайлоо жыйынтыгын жарыялайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM