Биз менен байланышыңыз

БШК: Миллионго жакын шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 478 | 0

4-октябрь саат 14:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 990 миң 492 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Бул жалпы шайлоочулардын 28,11%ын түзөт.

-Бишкекте 136 миң 804;

-Ош шаарында — 63 миң 415;

-Жалал-Абад облусунда — 194 миң 447;

-Ысык-Көл облусунда — 74 миң 5;

-Нарын облусунда — 51 миң 77;

-Ош облусунда — 194 миң 210;

-Баткен облусунда — 75 миң 82;

-Талас облусунда — 44 миң 486;

-Чүй облусунда — 156 миң 966 шайлоочу добуш беришти.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышууда. Алар: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

БШК бул жолку парламенттик шайлоону уюштурууга 449,58 млн сом коротту. Добуш берүү үчүн жалпы 2474 шайлоо участогу ачылды. Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалган.

Түшкө чейин шайлоочулардын 17 пайызы добуш берди

Бишкек мэриясы даттануулар боюнча төмөнкү номурларды ишке киргизди: 

Шаардык ыкчам штаб: 97-91-95 (1041) факс: 61-01-70, 0 552 590 123 (билдирүү үчүн, WhatsApp)

Биринчи май району: 661537, 0999 312078 (билдирүү үчүн, WhatsApp);

Ленин району: 656902, 0508 725767 (билдирүү үчүн, WhatsApp);

Октябрь району: 576650, 0550 340443 (билдирүү үчүн, WhatsApp);

Свердлов району: 360707, 0772 530508 (билдирүү үчүн, WhatsApp).

Copyright © 2017 Maral FM