Биз менен байланышыңыз

Текебаев президенттик шайлоого даярданып жатабы? (өзүнүн жообу)

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2020 | 492 | 0

Саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн үй-бүлөсү менен №1214 шайлоо участогунда добуш берди. Андан соң журналисттер менен маек курду.

«Марал» радиосунун кабарчысынын: «Сиз тууралуу «Президенттик шайлоого даярдануу үчүн парламенттик шайлоого катышкан жок», — деген кептер айтылууда», — деген суроосуна Текебаев: «Азырынча президенттик шайлоо боюнча эч кандай планым жок. Саясаттан мурда жеке жашоомо көңүл бургум келип турат. Ден соолукту карап, үй-бүлөм менен болом» — деп жооп берди.

Андан сырткары шайлоо өтсө деле партиянын жумуштары көп экендигин жана ошону менен алек болорун кошумчалаган.

Кошумчалай кетсек, бул жолку парламенттик шайлоого Өмүрбек Текебаев катышкан жок. Ал эми «Ата-Мекен» партиясын депутат Жанар Акаев жетектеп баратат.  Партия 1992-жылы түптөлгөн.

Добуш берүүгө келген Текебаев паспортун үйүндө унутуп калган (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM