Саясатчы Өмүрбек Текебаев добуш берүү үчүн үй-бүлөсү менен №1214 шайлоо участогуна келди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Айпери Кыдырали кызы билдирди.
Текебаев учурда шайлоого добуш берүү үчүн участокто күтүп турат. Себеби ал шайлоого келе жатып, паспортун үйүнө унутуп калган.
Кошумчалай кетсек, бул жолку парламенттик шайлоого Өмүрбек Текебаев катышкан жок. Ал эми «Ата-Мекен» партиясын бул шайлоодо депутат Жанар Акаев жетектеп баратат. Партия 1992-жылы түптөлгөн. Анын лидери саясатчы Өмүрбек Текебаев болгон. Партиянын багыты – социализм.
Жаран
04.10.2020 11:19
Ушул жерден да куулук кылып участкада туруп аны коруп Ата мекенди шайласын деп калп эле паспортун унуткан болуп турат. Кыргызстанга 120 депутат болсун деп, бизнес кылса болот экен мындан деген адам ушул, бетине тукуркуло мындай мамлекетти талкалагандардын