Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдө 32 миң 602 кыргызстандык шайлоочу бар

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 3 Окт 2020 | 515 | 0

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 3-октябрда «Шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган заманбап технологиялар, андагы Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбасы» аталышындагы конференцияда айтты.

Мобилдик топтун иштерине токтолгон Шайлдабекова, чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзгөнүн билдирди. Чет өлкөдө шайлоочулардын катарына кошулуу үчүн жалпысынан 5 өлкө боюнча 31 шаар камтылганын айтты.

-Мобилдик бригаданын жумуштарынын алкагында 33 мобилдик консультация өткөрүлгөн. Ал эми 1 миң 376 адамдан ашык жарандар аталган жумушчу топтун жыйындарына катышышкан. Ошондой эле чет өлкөдөгү консулдуктарга 340 Кыргыз жараны каттоого турса, 382 мобилдик консультациянын катышуучулары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты, — деп билдирди.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.

Copyright © 2017 Maral FM