Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдында Elpikir.org онлайн платформасы Кыргызстанда жана чет жерде жүргөн мекендештер арасында сурамжылоо жүргүзүп жатат. Жарандардын кайсы партияга добуш берүүсү онлайн жүрүүдө.
Сурамжылоонун максаты — жаны технологиянын жардамы менен таза шайлоону чагылдыруу болуп эсептелет.
Сурамжылоого 3-октябрда түшкү саат 13.00гө карата 12 миңден ашык жаран катышты. Учурда онлайн добуш берүү улантылууда.
Elpikir.org онлайн платформасы жарандардын жеке маалыматтарын сактабайт жана эч ким менен бөлүшпөйт. Борбордук шайлоо комиссиясы же эч бир саясий партия менен кызматташпайт.
Ушул шилтеме аркылуу онлайн добуш берүүнүн жыйынтыктарын көрө аласыз.
Салмоорбек
03.10.2020 18:36
Урааа БУТУН КЫРГЫЗСТАН алдыда буйурса