Connect with us

БШК: Форма-2 боюнча 496 239 жаран кайрылган

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 3 Окт 2020 | 681 | 0

Берилген маалыматтардын жана шайлоочулардан келип түшкөн арыздарды кароонун негизинде 2020-жылдын 24-сентябрына 3 523 554 жаранды камтыган акыркы тизме түзүлдү. Алдын ала жана акыркы тизмелердин айырмасы 94 511 жаранды түзгөн.

Шайлоочунун туруктуу жашаган жеринен башка шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүү укугу, эл аралык алдыңкы тажрыйбага дал келет жана улуттук мыйзамдардагы прогрессивдүү ченем болуп саналат, анын жардамы менен, эркин жүрүү укугу ишке ашат.

2015-жылы 2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу биринчи жолу колдонулган, кийинки 2015, 2017-жылкы шайлоолордо жарандардын 10% дан ашыгы бул укукту активдүү колдонушкан.

Учурда 2-форма боюнча 496 239 жаран кайрылган.

Ошол эле учурда, 2-форма менен

42 386 жаран — 2 же андан көп жолу,

32 504 жаран — 2 жолу,

5810 жаран — 3 жолу,

1967 жаран — 4 жолу,

872 жаран — 5 жолу,

3 жаран — 22 жолу кайрылган.

Берилген арыздардын жалпы статистикасынан 2-форма боюнча бир нече арыздарды алып салуунун натыйжасында, жер которгон шайлоочулардын саны 441 010 жаранды түздү.

6629 арыз бири-бирин кайталагандыгына байланыштуу же шайлоо участкаларында шайлоочулардын белгиленген санынан ашыкча болгондугу үчүн четке кагылды.

Ошол эле учурда, шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча канча арыз берилгендигине карабастан, ар бир жаран шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилет. Бир нече арыз берген жарандар шайлоочулардын тизмесине акыркы берген дареги боюнча дагы киргизилет. Бул жарандар милдеттүү түрдө мурунку шайлоо дарегинен бошотулуп, бир гана жолу добуш бере алышат, б.а. шайлоо тизмесинде кайталанган жазуулар жок.

Мындан тышкары, быйылкы жылы КР БШК жаңы эрежени колдонду — шайлоо участкасында 1 жана 2-формаларын колдонуу менен арыз берген ар бир шайлоочунун биометрикалык идентификациялоосу болушу керек, бул шайлоочулардын тизмеси боюнча шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Натыйжада, 519 миң жаран биометрикалык идентификациялоодон өттү.

Ошондой эле, быйыл шайлоочулардын электрондук кабинети аркылуу арыз берүү мүмкүнчүлүгү ишке ашырылып, жалпы электрондук кайрылуулардын саны 16152ди түздү. Анын ичинде, өзүнүн маалыматын тактоо үчүн — 20 адам, калгандары 2-форма боюнча. Ошол эле учурда шайлоочунун кабинети аркылуу 131 жаран 2 жолу, 1 жаран 3 жолу кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM