Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда каза болгон ыктыярчы студент Адинай Мырзабекованын ата-энеси менен жолугушту. Жээнбеков өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн каза болгондон кийин сыйланган Адинай Мырзабекованын «Эрдик» медалын анын ата-энесине тапшырды.
Буга чейин мамлекет башчынын Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсү менен жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда болуп өткөн.
22 жаштагы Адинай Мырзабекова Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болчу.